Жаңылыктар
Москва университетинде “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы дүйнө маданияты” иш - чарасы өтөт
Билим
Москва университетинде “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы дүйнө маданияты” иш - чарасы өтөт

Ноябрь айында Москва мамлекеттик лингвистика университетинде "Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы дүйнө маданияты" деген аталыштагы иш-чара уюштурулат.

Аталган окуу жайда Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борбору ачылган. Анда студенттер кыргыз тилин үйрөнүшүп, дүйнөлүк классикалык адабиятты окушат.

Елизавета, Александра, Лейла, Камилла жана Анна Москвадагы алдынкы окуу жайлардын бири - мамлекеттик лингвистика университетинен билим алууга Орусиянын ар кайсыл аймактарынан келишкен. Алар Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунан билим алууга туш болушат деп күтпөгөнүн айтышат. Башында кыйын болду, бирок окутуучулардын жардамы менен дүйнөлүк жазуучунун чыгармаларын кыргыз тилинде окууга көнүп кетишкен. 
Университетте студенттер кыргыз тилин 4 жыл окушат. Кыргыз тили жана маданият борбору чет мамлекетте ачылган азырынча жалгыз борбор. Мында кыргыз тилин студенттер чет тили катары үйрөнүшөт. 

Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде Чынгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунун ачылганына 15 жыл болду. Бул убакытта борбордон ондогон адистер англис, немец жана кыргыз тили боюнча билим алышты. Мындан сырткары, борбор дүйнөлүк классикалык адабиятты, байыркы көчмөн элдеринин маданиятын тереңдеп үйрөтөт. Ноябрь айында Москва мамлекеттик лингвистика университети “Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы дүйнө маданияты” деген аталышта иш-чара уюштурат.