Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Жаныбарым Гүлсары” аталган ат оюндары өтүүдө
Билим
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Жаныбарым Гүлсары” аталган ат оюндары өтүүдө

Ошто, бул күндөрү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Жаныбарым Гүлсары” аталышындагы ат оюндары өтүп жатат. Ош облусунун Төлөйкөн ат майданында 29-октябрда башталган иш-чара 3-ноябрда жыйынтыкталат. Оюнда мыкты чеберчилик көрсөткөн оюнчуларга “спорттун чебери” наамы ыйгарылат.

Мындай чоң масштабдагы спорттук иш-чаранын Төлөйкөн ат майданында өтпөй калганына он жылдай болгон. Ага, ипподромдогу шарттын жоктугу себеп. Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги быйыл демөөрчүлөрдүн жардамы менен ат майданды ремонттон өткөрдү. “Жаныбарым Гүлсары” аталышындагы ат оюндары баштан аяк жаңыланган ат майдандын тушоосун кесип берди.
Айтматовдун 90 жылдыгына арналган саамалыкка республиканын 7 облус, эки шаарынан келген жалпы 9 команда катышып жатат. Максаты, аймактагы спорт чеберлерине колдоо көрсөтүү. Биринчи мелдештин жыйынтыгы менен Бишкек шаарынан, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облусунан келген улакчылар алдыга суурулуп чыкты. Таласттык көкбөрүчүлөр өзгөчө кызык оюн көрсөтүштү. Эми бул командалар алдыда финалдык тур үчүн кыл чайнап беттешишет.
Оюнга комментаторлук кылып жаткан Табылды Асыгалиев, оюнчулардын ар биринин аты жөнүн, минген күлүгүнөн тарта жазбай тааныйт.
Улакчылардын ичинде Жумгалдан келген чабандестер эң жаш команда деп табылган. Республикалык деңгээлдеги иш чарага биринчи ирет катышып жатат. Ош облусунун улакчыларынан 8:1 эсебинде жеңилип калган.
Эрендердин оюну болгон көкбөрүнү көрүүдө аба-ырайынын кандай шартты экени маанилүү эмес. Көрүүчүлөр 3 күндөн бери үзүлбөйт. Залкар Чыңгыз Айтматов да бекеринен "ушундай эрендердин эр оюнун мурас калтырган ата-бабаларыбызга кулдугум бар", - деп айтпаса керек.
Жарым финалдык беттеш 1-ноябрда өтөт. Жеңүүчү топ 3-ноябрь күнү аныкталат. Турнирдин жыйынтыгы менен жеңген топко “спорттун чебери” наамы ыйгарылат. Мындан сырткары акчалай сыйлыктар да каралган.