Жаңылыктар
Иса Өмүркулов КСДПдан чыгарылды
Саясат
Иса Өмүркулов КСДПдан чыгарылды

Социал-демократтар Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Катчылык тараткан маалыматта айтылгандай, Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынды. 31-октябрда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өткөн.