Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү 160 пансионаттын он бири мамлекетке таандык
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөгү 160 пансионаттын он бири мамлекетке таандык

Ысык-Көлдүн жээгинде буга чейин Өзбекстан тарап колдонуп келген 4 пансионат Кыргызстандын менчигине өттү. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Темир Сариев кол койгон. Ага ылайык, Ысык-Көлдөгү Бостери айылындагы «Золотые пески», Кара-Ой айылындагы «Дилором», Тоң районунун Кун-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан «Бустон» пансионаттары Кыргызстандын карамагына өттү. Ал арада жергиликтүү серепчилер Кыргызстан эгемендик алгандан бери создуккан бул маселеде саясий эрктүү чечимге келгенин айтышууда.

Буга чейин Ысык-Көлдөгү пансионаттардын тейлөө шарттары жана коопсуздугу менен жайкы сезонго даярдыгы жана ишмердүүлүгү тууралуу сөз болуп келсе, бул жолу башка өлкөлөр пайдаланып келгендерин мамлекеттин менчигине өткөрүү тууралуу маселе көтөрүлүүдө. Ысык-Көл облусунда жалпы 160 пансионат болсо алардын 11и мамлекетке таандык. Эми мамлекеттин карамагына дагы 4 пансионат өтүүдө.  Өзбекстан тарап колдонуп келген эс алуу жайларын  Кыргызстандын менчигине өткөрүү тууралуу тиешелүү токтомго өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова тастыктады.

Өкмөттүн токтому чыгып алгачкы кадам жасалгандан кийин, эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу техникалык паспорт, Кызыл китеп  жана кабыл алуу актыларын даярдайт. Бул багытта фондко атайын тапшырма дагы берилген. Мекеменин төрага орун басары Мурадил Жумадилде уулу аталган жайлардын Кыргызстанга өтүүсүн мыйзамдаштырган чечим кабыл алынганын билдирет.

Ал эми пансионаттарды кайтаруу боюнча саясий эрк менен чечим кабыл алынганын экономика министри Арзыбек Кожошев айтат. Министрдин белгилөөсүндө, мындай чечим чыгарууга буга чейин  белгилүү бир себептер болуп келген.

 Ал арада жергиликтүү серепчилер дагы пансионаттарды кайтаруу эрктүү чечим болгонун жана бул обьектткрди мамлекеттин мындан ары кандай колдоноору маанилүү экенин белгилешүүдө. Байконурду мисалга тарткан Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев,маселе буга чейин бир канча ирет көтөрүлүп, бирок кандайдыр бир себептерден улам чечилбей келгенин айтат. Ал  маселеде саясат жоктугун кошумчалап, Кыргызстан эгемендик алгандан берки 20 жылдан ашуун мезгилге создуккан  маселеге чекит коюлганын белгилейт.

Эске салсак, буга чейин аталган пансионаттар мамлекетке колдонгон электр энергия менен  салыгына гана каражат төлөп келишкен. Алар жеке ишкана катары эсептелип келгендиктен пайдадан киреше салыгы алынчу эмес. Ал эми бул обьекттер 80ге чукул гектар жери менен 1992-жылы кабыл алынган макулдашуунун негизинде мыйзам чегинде кыргыз тарапка өтүүдө.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”