Жаңылыктар
Кыргызстандын эл аралык донор уюмдар менен болгон кызматташтыгы бекемделет
Экономика
 Кыргызстандын эл аралык донор уюмдар менен болгон кызматташтыгы бекемделет

Кыргызстанга эл аралык уюмдардан жана донор уюмдардан келген каржылык жардамдар өз убагында жана натыйжалуу пайдаланылышы керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековдун эл аралык каржы уюмдарынын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтылды. 


Өлкө башчысы, бөлүнүп берилген тышкы жардамды мамлекеттик органдар өздөштүрбөгөн фактылар бар экенин белгилеп, мындан ары бардык тараптардын ортосунда донордук жардамды координациялоо ишин активдештирүү демилгесин көтөрдү.


Президенттин эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен мындай кеңири курамдагы жыйыны экинчи жолу өтүп отурат. Мындан эки жарым ай мурун алардын катышуусу менен 2018-2040-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия талкууланып кабыл алынган. Стратегияга бардык алымча кошумчалар камтылып, Президенттин Жарлыгы менен бекитилди. Тиешелүү Жарлыкка президент күн мурун кол койгонун билдирди.

2040 Стратегиясына сунуш жана комментарий берип көмөктөшкөнү үчүн донорлук коомчулукка жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем. Келип түшкөн сунуштар документтин сапаттуу жана комплексттүү болушуна көмөк көрсөткөнү талашсыз. Ошентип Стратегия кабыл алынып, ишке ашырууну баштоо мезгили келди. Эми кадрдык, мыйзамдык, финансылык, башкаруучулуктагы зарыл болгон маселелерди так чечишибиз керек.