Жаңылыктар
Тоолуу Карабахтагы каршылашкан тараптардын ок атышуулары токтоду
Дүйнө
Тоолуу Карабахтагы каршылашкан тараптардын ок атышуулары токтоду

Тоолуу Карабакта каршылашкан тараптар ок атышууларды токтотту. Аскерий аракеттер жергиликтүү убакыт боюнча кечээ түшкү саат 12де токтогону кабарланды. Венада чукул жыйын өткөргөн ЕККУнун Минск тобу тараптарды сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды. Айрым талдоочулар Тоолуу Карабактагы каршылашуулар улана берээрин, ага үчүнчү күчтөрдүн да таасири бар экенин белгилешет.

Өткөн аптадан бери уланган ок атышуулар токтоп, Тоолуу Карабакта тынч абал өкүм сүрө баштады. Азербайжандын Коргоо министрлиги бул окуяларда 16 аскерин жоготконун маалымдады. Ал эми армян тараптан курмандыктар жыйырмадан ашкан. Мындан сырткары дайынсыз жоголгондор да бар. Бейрасмий маалыматтарда көз жумгандардын саны ондоп саналаары айтылат. Көпчүлүк куралдуу кагылышуулар токтогону менен оор кырдаал биротоло жоюлду дегенден алыс. Ереван менен Бакунун ортосундагы талашта айрым сырткы күчтөрдүн өз кызыкчылыктары бар экенин белгилегендер четтен чыгат.

Ок атышуулардын токтошу тараптардын Тоолуу Карабактагы кызыкчылыктардан баш тартканынын белгиси эмес. Азербайжан президенти Илхам Алиев жаңжал басыла электе абалды тынч жол менен жөнгө салуу керек экенин, бирок  аталган маселеде Баку карманган принцибинен тайбастыгын белгилеген. Маселени чечүүнүн дипломатиялык жолу ылайыктуу делгени менен, аскер күчтөрүнө таянуу жокко чыгарылбайт. 

Илхам Алиев: “Биз өзүбүздүн принципиалдуу турумубуздан  кайтпайбыз. Бирок, ок атышууларды токтотуу режимин карманабыз. Жаңжалды тынч  жол менен чечүүгө аракет көрөбүз. Ошол эле учурда армиябыздын турумун  бекемдей беребиз”.

Тоолуу Карабактагы атышууларды баштады деп Ереван менен Баку бири-бирин айыптап жатат. Дүйнө лидерлери эки тарапты элдешүүгө чакырып, кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө керек экенин белгилешти. Орус Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри Тоолуу Карабактагы абалды телефон аркылуу талкуулап, “тышкы оюнчулардын” аракеттерин сынга алышкан. Бирок, тышкы оюнчулар кимдер экени айтылган жок. Айрымдар муну Түркия менен байланыштырууда. Буга жаңжал тутангандан бери Анкара тараптан бир нече ирет жасалган Азербайжанга ыктаган  билдирүүлөр түрткү берди.

Ахмет Давутоглу: “Мен президент Илхам Алиевге жаңжал  башталаары менен телефон чалганмын. Мен ага дагы бир ирет кайрылып жатам.  Түркия Азербайжанга түбөлүк колдоо көрсөтөөрүн бүтундөй дүйнө жүзү билиши  керек. Айрыкча Армениянын кол салуусуна кабылган  учурда ар бир азербайжан бир туугандардын  дарегине колдоо сөзүмдү айтамын”.

Талдоочу Токтогул Какчекеев Азербайжан менен Армениянын жаңжалын терең талдай келгенде кайсы бир деңгээлде Орусия менен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы карама-каршылыктардан кабар берээрин белгилейт. Согуштун масштабы кеңейсе кубаттуу өлкөлөрдүн ага түздөн-түз аралашып кетүү коркунучу бар деген пикирде.

Тоолуу Карабакка байланыштуу кандай гана божомолдор айтылбасын, эки тараптын макулдашууларына ылайык андагы ок атышуулар токтоду. Ошентсе да бул аймактагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн түзүлүп, иш алып барып келген Минск тобу Венадагы жыйынында каршылаштарды сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды. Европа Коопсуздук Келишими Уюмунун алдындагы аталган топко АКШ, Орусия, Франция баштаган бир катар өлкөлөр кирет. Эки коңшу өлкөнүн мамилеси чыңалган 24 жылдан бери Тоолуу Карабакта атышуулар орун алып турат. Саясат талдоочу Кубан Абдымен Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаштуу маселе чечилбесе мындай мүнөздөгү куралдуу кагылышуулар улана берээрин белгилейт. Бирок, согуш кеңейет деген пикирге кошулбайт.

Бир нече күндүк куралдуу кагылышуулар эмес, кеңири согуш 90-жылдары болгон. Армяндар көп отурукташкан Тоолуу Карабак өзүн төбөлсүз деп Азербайжандан бөлүнгөнүн жарыялагандан кийин тутанган жаңжал 30 миңге жакын адамдын өмүрүн алган эле. Кыргызстандын ортомчулугу андагы согуштун токтошун шарттаган. Бишкек протоколун кабыл алуу демилгеси Легендарлуу парламентке, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигине таандык. Ок атышуулар токтогонуна карабай абалды биротоло жөнгө салыш үчүн Кыргызстан дагы ортомчу боло алабы деген пикирлер айтылууда. Тышкы иштер министрлигинин соңку окуяларга карата билдирүүсүндө Бишкек тарыхый тажрыйбаны пайдаланууга даяр экени белгиленген.

Венада чукул жыйын өткөрүп, тараптарды сүйлөшүүгө чакырган ЕККУнун Минск тобу куралдуу кагылышуу болгон Тоолуу Карабакка барууну көздөп жатат. Ал жерде ок атышуулар токтогону менен аскерлер ээлеп турган аймактарынан алыстай элек.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"