Жаңылыктар
Бизнести колдогон инвестфонд
Экономика
Бизнести колдогон инвестфонд

Кыргызстан Дуинг бизнестин көрсөткүчү боюнча 2 тепкич алдыга чыкты. Инвестициялык климаттын жакшыруусун аныктаган жыйынтык 31-октябрда жарыяланды. Ага ылайык, биздин өлкө бизнеске түзүлгөн жагымдуу шарттары боюнча 190 мамлекеттин арасында 70-орунду ээледи. Былтыркы жыйынтыкта 72-баскычта болчу. Бул жагымдуу жаңылыкка утурлай, Кыргызстанда түз инвестициялык фонд ишин баштады. 


Түз инвестициялык фондду Чолпон Жумашүкүровдун командасы негиздеди. Чечим 3 жыл бою Кыргызстандын базарын, чакан жана орто бизнестин абалына изилдөө жасалгандан кийин кабыл алынган. Капиталы азырынча 15 миллион доллар, өзгөчөлүгү чакан жана орто бизнести күрөөсүз каржылайт. Инвестиция ала турган компания кирешеси бар, өсүп келе жаткан, аймакта лидер болом деген амбициясы жогору болушу керек.

Түз инвестициялык фонд чакан жана орто бизнеске күрөөсүз каражат гана бербестен муктаж ишкананы жаңы деңгээлге көтөрүлүүсү үчүн компанияга корпоративдүү башкаруу системасын да киргизе алат.

Фонддун узак мөөнөттү инвесторлору эл аралык каржы институттары жана АКШ менен Кыргызстандын ишкерлери. 15 миллион доллардык фондун капиталынын 8 миллионун эл аралык каржы корпорациясы инвестициялаган.