Жаңылыктар
Спорт ордосунда эл аралык универсалдуу көргөзмө ачылды
Экономика
Спорт ордосунда  эл аралык универсалдуу көргөзмө  ачылды

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда 26- ирет эл аралык универсалдуу көргөзмө-жармаңке ачылды. Анын уюштуруучулары Бишкек мэриясы жана Соода-өнөр жай палатасы. Ага жергиликтүү компаниялар менен катар Орусиянын жана Болгариянын компаниялары катышууда.



Кыргызстан буга чейин таза балы менен дүйнөнү багындырып келсе, эми балга нукура дары чөптөр кошулган продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө даңазалоодо. Өзгөчө чет өлкөдөн келген иш-чаранын катышуучуларын дал ушул Кыргызстандан жасалган дарылоочу каражаттарга кызыкдар болуп турушту.

Көргөзмөгө мындан башка 30дан ашык чет элдик жана жергиликтүү компаниянын продукциялары чыгарылган. Жыл сайын уюштурулуучу иш-чарада өнөктөштөрдү таап, ишкерлик чөйрөсүн кеңейтүүгө бардык шарттар бар.

5 күнгө созулган жармаңкенин алкагында бир катар иш-чаралар уюштурулат. Орусиядан жана Болгариядан келген компаниялардын өкүлдөрү менен биргеликте, бизнес-жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жана “Алтын медаль” конкурсу өткөрүлөт.