Жаңылыктар
Залкар артисттерге арналган спектакль коюлду
Маданият
Залкар артисттерге арналган спектакль коюлду

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана режиссёр Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган спектакль коюлду. 

Бир үй-бүлөдөн чыккан үч залкар: кыргыз киносунун “аксакалы” - Муратбек Рыскулов, кыргыз элинин “умай энеси” - Сабира Күмүшалиева жана режиссуранын “чебери” - Искендер Рыскулов. Улуттук кино жана театр искусствосунун башында туруп, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон залкарлардын быйыл юбилейлик жылы.

Бул күнү көрүүчүлөргө жык толгон орус драма театры ал эстафетаны алды. Кыргыз кино жана театр өнөрүнүн корифейлерине арналган спектаклди көрүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министри, белгилүү актерлор, публицист-жазуучулар, мугалимдер менен студенттер, жана Рыскуловдордун өнөрлөрүн сыйлаган көрүүчүлөр келишти.