Жаңылыктар
Кыргызстанда электрондук бизнести өнүктүрүү аракети жүрүүдө
Экономика
Кыргызстанда электрондук бизнести өнүктүрүү аракети жүрүүдө

Канткенде Борбор Азия мамлекеттеринде электрондук бизнести өнүктүрүүгө болот? Анын келечеги жана зарыл болгон чаралар. Бул маселе эл аралык уюмдардын, өкмөт, бизнес жана Айти компаниялардын, каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Башкы максат электрондук бизнес жана электрондук алып сатуу аркылуу экономиканы өнүктүрүү. Электрондук ишкерчилик чет өлкөлөрдө кеңири жайылган. 

Борбор Азия чөлкөмүндө бул долбоор Казакстанда ийгиликтүү ишке ашырылууда. Кыргызстан санариптик трансформациянын алкагында электрондук кызматтардын мамлекеттик порталын ишке киргизди. Мекемелер аралык “Түндүк” программасы иштеп жатат. Ошол эле учурда электрондук бизнести жүргүзүүнү шарттаган мыйзам долбоору дагы иштелип чыгууда.