Жаңылыктар
Түрк клиникалары кыргыз жарандарын акысыз дарылоо квотасын көбөйттү
Ден соолук
Түрк клиникалары кыргыз жарандарын акысыз дарылоо квотасын көбөйттү

Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрликтери түзгөн келишимге ылайык, түрк клиникалары Кыргызстандын жарандарын акысыз дарылоо квотасын 150гө чейин көбөйттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда бейтаптар акысыз дарылоодон өтүшөт. Ал эми тамак-аш, турак жай, документтерди түркчөгө которуу акысын бейтаптар төлөйт. Аларды тандоо боюнча атайын комиссия иш алып барат. Эске салсак, 2015-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, жылына өлкө жарандарын акысыз медициналык жардам көрсөтүүгө 100 квота каралган.