Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет
Маданият
Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

2-ноябрь Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Майрам 1995-жылдан бери белгиленип келет. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. 

Кесиптик майрамын белгилөө алдында турган маданият ишмерлери, акыркы учурда мамлекет тарабынан бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, колдоого алынып жаткандыгын белгилешип, кубанычын жашырышпайт. Союз маалынан бери бир да жолу оңдоп-түзөө иштеринен өтпөгөн, кейиштүү абалга кептелген бир топ маданий имараттар ремонттолуп, тийиштүү жабдыктар менен жабдылгандыгын маданият ишмерлери белгилешет. 

Бирок ошол эле учурда 100 жылга жакын тарыхты камтыган 10 доп саналган оңдоого муктаж маданий мекемелер бар. Бул датаны утурлап бүгүнкү күндөгү маданий имараттардын абалына кызыгып көрдүк. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"