Жаңылыктар
Тоң мамлекеттик балык чарбасы быйыл балыктын форель түрүн көбөйттү
Айыл чарба
Тоң мамлекеттик балык чарбасы быйыл балыктын форель түрүн көбөйттү

Тоң мамлекеттик балык чарбасы быйыл балыктын форель түрүнөн 650 миң чабагын даярдап өстүрөт. Бул иштер үчүн балык чарбасы Ысык-Көлдөн форелди колго кармап келип икрасы алууда. Былтыркы жылы аталган чарба көлгө беш жүз миң чабакты коё берген. 

Кызматкерлердин билдирүүсүндө жыл сайын балыктардын форель, сига жана карп түрлөрү аз аздан өстүрүлүүдө. Негизги максат Ысык-Көлдө балык запастарын, өзгөчө форелди көбөйтүү. Адистердин айтуусунда Ысык-Көл форели каржылоонун аздыгынан мындай аз көлөмдө салынууда. Союз мезгилинде жалгыз эле Тоң балык чарбасы жыл сайын форелдин он бир миллион даана чабагын көлгө коё берип турган.