Жаңылыктар
Ак калпакка кыянаттык кылгандар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүнбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Ак калпакка кыянаттык кылгандар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүнбү?

Жогорку Кеңеште ак калпактын кадыр-баркына шек келтиргендер тууралуу мыйзам долбоору кайрадан талкууга алынып баштады. Эл өкүлү Экмат Байпакбаев демилгелеген документте улуттук баш кийим ак калпакка маданий символ статусун берүү сунушталып, мындан сырткары, мыйзам бузгандарды айыпка жыгуу камтылган.

Тактап айтканда, жеке жактар 1 миң сом, юридикалык жактар 5 миң сомдон төлөмөй болушат. Мындай демилге учурда көпчүлүктүн колдоосуна татып жатат. Талдоочулар улуттук баалуулуктар мыйзам менен корголушу зарылдыгын белгилешүүдө.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"