Жаңылыктар
Чүй облусунун аймагында эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды
Кылмыш
Чүй облусунун аймагында эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Чүй өрөөнүндө бир жылдан бери жашырынып иш жүргүзүп, Сирия менен Ооганстандагы террордук уюмга жарандарды тартуу менен алектенип келгендер 9 адам болгон. 

Алардын бешөө чет элдик калгандары Кыргызстандыктар. Алар жакынкы күндөрү Кыргызстанда ок атуучу жана жарылуучу заттарды колдонуу менен диверсиялык аракеттерди көрүүгө камынып жүрүшкөн.

Айта кетсек, контрабандалык жол менен алынып келген акчасы бар Ош шаарынын жашоочусуна кол салып 1 млн.300 000 АКШ долларын тоногон фактысы боюнча буга чейин кылмыш иши козголуп, кийинчерээк токтотулган болчу. Эми кайрадан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иш-чаралары башталды.