Жаңылыктар
Айтматовдун балалык кыялдарын ойготуп, дүйнө таанымына таасир эткен Ош шаары
Маданият
Айтматовдун балалык кыялдарын ойготуп, дүйнө таанымына таасир эткен Ош шаары

Жер жүзүндө кыргыз эли, кыргыз мамлекети, адамзат жана сөз бар болсо, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында өтүп жаткан «Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» аттуу салтанаттуу иш-чарасында билдирди. Мамлекет башчы өз сөзүндө: күнөстүү Ош менен Айтматовдун тагдыры да, үй бүлөсүнүн тарыхы да бекем байланышкан. Мына ушул байыркы шаарда, Сулайман тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган. Атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы болгон. 

Байыркы Ош — Айтматовдун балалык кыялдарын ойготуп, анын дүйнө таанымына таасир эткен. Балким, кичинекей Чыңгыз — жазуучулуктун башатын ушул керемет шаардан алгандыр. Айтматовдун өмүр таржымалын изилдеген окмуштуулар Ош шаарынан көптөгөн кызыктуу фактыларды табаарына шек жок. Байыркы Ош калаасы Чынгыз Айтматовдун элесин кийинки миң жылдарга аздектеп сактап, урпактарга жеткирет деген үмүт ар бир шаардыктын жүрөгүндө жашай берет,- деди. 

Ошондой эле мамлекет башчы Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнө жүзү кыргыз элин таанып, алп жазуучу дүйнөлүк адабиятка өз мекенинин, кыргыздын образын жеткирип, аны адамзаттын руханий энчисине айлантып, Айтматов толеранттуулук идеяларын даңазалап, элдерди биригүүгө үндөгөн, улуттарды жакындаштырган инсан болгонун баса белгиледи.