Жаңылыктар
Т.Чынгышев:Пансионаттардын Кыргызстанга өтүшү мыйзамдуу
Кыргызстан жаңылыктары
Т.Чынгышев:Пансионаттардын Кыргызстанга өтүшү мыйзамдуу

Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Өзбекстандын төрт пансионаты жалпысынан 80 гектар жери менен мамлекет менчигине өттү. "Рохат" , "Дилором" , "Золотые пески" жана “Бустон” пансионаттары ушу кезге чейин Өзбекстандын карамагында болуп келген. Мурдагы союздук республикалардын аймагына курулган объектилер кайсы республикада жайгашса ошол өлкөгө тиешелүү болуп калат.  Мындай келишим 1992-жылы  кабыл алынып, ага ошол кездеги КР премьер-министри Турсунбек Чынгышев кол койгон. Бул тууралуу бүгүн экс-премьер министр “Биринчи радиого” билдирди.


Турсунбек Чынгышев:  СССР учурунда анын финансы каражатына  курулуп, СССРге тиешелүү болгон мекемелер кайсы республикада жайгашса, ошол өлкөдө калаары тууралуу КМШ мамлекеттеринин ортосунда келишим болгон. Мындай обьектилердин катарына Ысык-Көлдөгү Өзбекстанга тиешелүү пансионаттар да кирет. Алар Кыргызстанга калаары тууралуу документ эчак эле кабыл алынган. 

Мындай келишим мен премьер-министр болуп турганда 1992-жылы 9-октябрда кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы катары мен кол койгом. Ошол эле жылы декабрда Жогорку Кеңеш бекитип берген. Мындан эч кандай мыйзам бузуу табууга болбойт. Бул чечим 1994-жылы КР Жогорку кеңеши ратификациялагандан кийин эле ишке ашыш керек эле. Бир топ кечигүү болду.  

Мурда биз Өзбекстанга көз карандыбыз, газ бербей коет, жер семирткич бербей коет дегендей көз караш болуп келди да. Бирок КР Өкмөтүнүн азыркы чечими абдан туура кадам. Мен толугу менен колдойм. Өзбек тарап позициясын билдире элек деп чочулоонун да кажети жок. Себеби 1992-жылы кол коюлган келишимди кийин эч бир тарап жокко чыгарган жок. Алар эл аралык сотко кайрылса да пансионаттар боюнча утуш Кыргызстан тарапта болот.  

Таалайгүл Чабдарова   “Биринчи Радио”