Жаңылыктар
Өзбекстан Кыргызстандын картошкасын сатып ала баштады
Айыл чарба
 Өзбекстан Кыргызстандын картошкасын сатып ала баштады

Өзбекстан Кыргызстандын картошкасын кайра сатып ала баштады. Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Кыргызстан Өзбекстанды картошка менен камсыз кылуу боюнча макулдашты. Сүйлөшүүлөр октябрь айынын орто чендеринде өткөн. 

Өзбек тарап картошка алып кирүүгө кыргызстандык 17 компанияга уруксат берген. Натыйжада Ысык-Көл облусундагы ишкерлер "Наманган Универсал Савдо Инвест" компаниясы менен 2 миң тонна картошка жеткирүүнү макулдашкан. Учурда анын 66 тоннасы жөнөтүлдү. Фитосанитардык сертификаттар коңшу өлкөнүн талаптары менен жүргүзүлүүдө. 

Айта кетсек 17-августта Өзбекстан сырттан, анын ичинде Кыргызстандан ташылган картошкага тыюу салган. Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев Өзбекстан мындай чечимди бир тараптуу кабыл алганын билдирген.