Жаңылыктар
"Дордой" - "Алайды" 3:1 эсебинде утту
Спорт
"Дордой" - "Алайды" 3:1 эсебинде утту

Футбол боюнча "Дордой" командасы Кыргызстандын быйылкы сезондогу чемпиону болду. Оюн ТОП-ЛИГАНЫН алкагында өтүп, "Алай" менен беттешти. Биринчи бөлүк 1:1 тең эсепте аяктады. Голду "Алай тараптан Жоэл Кожо, ал эми "Дордой" командасынан Тамирлан Козубаев киргизди.

  Экинчи таймдын башталышы менен беттеш курч мүнөздө өтүп, чабуулдарга бай болду. 62-мүнөттө Муролим Ахмедов гол жаратып, "Дордой" командасын алдыга чыгарды. Оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда (86-мүнөт) Ислам Шамшиев үчүнчү топту дарбаза торуна киргизип, беттешке чекит койду.

Ушуну менен "Дордой" командасы Кыргызстан чемпионатын онунчу жолу утуп алды.