Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш-чаралар ушул күндөрү Ош шаарында өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш-чаралар ушул күндөрү Ош шаарында өткөрүлдү

Анын алкагында театралдаштырылган оюн зооктор, илимий практикалык конференциялар, 90-жылдыкка арналган ат оюндары, ошондой эле «Ош - Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Белгилүү болгондой, күнөстүү Ош менен Айтматовдун тагдыры да, үй-бүлөсүнүн тарыхы да бекем байланышкан. Мына ушул байыркы шаарда, Сулайман тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган. Атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы болгон.

Өлкө башчысы өз сөзүндө, Байыркы Ош - Айтматовдун балалык кыялдарын ойготуп, анын дүйнө таанымына таасир эткен. Балким, кичинекей Чыңгыз - жазуучулуктун башатын ушул керемет шаардан алгандыр деп белгиледи. Ош калаасы Чынгыз Айтматовдун элесин кийинки миң жылдарга аздектеп сактап, урпактарга жеткирет деген үмүт ар бир шаардыктын жүрөгүндө жашай берет.