Жаңылыктар
Донор уюмдар менен алака өнүгөт
Экономика
Донор уюмдар менен алака өнүгөт

Өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн негиздеринин бири бул бизнес чөйрөгө керектүү шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Ишкер чөйрөдө өнүгүү болбосо казына салыксыз калат, ал экономикага түздөн түз таасир этет.

Экинчиден - өлкөгө келип жаткан инвестициялардын көлөмүнөн биздин экономиканын көрсөткүчтөрү да көз каранды. Канчалаган жергиликтүү жана чет элдик ишкерлердин салымынан улам өлкө аймагында кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, оор жана жеңил өнөр жай тармагы жанданууда.

Ал эми Кыргызстандын социалдык экономикалык жашоосуна түздөн түз таасир эткен булактардын бири бул эл аралык жана донор уюмдардан келген каражаттардын көлөмү болгон. Кыргызстан эгемендик алгандан бери мамлекетке эл аралык каржы уюмдарынан 10 млрд долларга жакын каражат грант жана насыя түрүндө келип, ага 400 тегерегиндеги ири жана майда долбоорлор каржыланган.

Андыктан мына ушул үч багытка, ишкерлерге, инворсторлорго, ошондой эле донор уюмдардын иштөөсүнө өзгөчө көңүл буруп, алар менен эриш аркак иштөө негизги максат экенин президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык каржы уюмдарынын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди. Мамлекет жергиликтүү ишкерлерге, ошондой эле эл аралык инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө бардык аракетин жумшап жатат. Бирок айрым мамлекеттик органдарда ар кандай жасалма тоскоолдуктар, бюрократиялык көрүнүштөр дагы деле уланып жатканын жашыруун эмес.