Жаңылыктар
Тоңдогу жол кырсыктан айдоочу каза болду
Кырсык
Тоңдогу жол кырсыктан айдоочу каза болду

Тоң районунун Кара-Коо—Коңур-Өлөң ички чарбалык унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, 5 адам жабыркады. Окуя кечээ, 4-ноябрда саат 03:40 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Форд Фокус» унаасы менен «Фольксваген Пассат» кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Форд Фокус» унаасындагы 5 адам жабыркап, экинчи унаанын айдоочусу көз жумган. Куткаруучулар айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.