Жаңылыктар
“Ош - Чыңгыз Айтматовдун тагдырында” форуму жогорку деңгээлде өттү
Маданият
“Ош - Чыңгыз Айтматовдун тагдырында” форуму жогорку деңгээлде өттү

“Ош - Чыңгыз Айтматовдун тагдырында” форуму жогорку деңгээлде өттү. Мындай пикирин, залкар жазуучунун уулу Эльдар Айтматов билдирди. Ал, шериненин жалпы катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди. Ош шаардык мэриясы өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү менен биргеликте Айтматов күндөрүн белгиледи. Ал 29-октябрдан 3-ноябрга чейин болду. “Ош-Айтматовдун тагдырында” шеринесине Президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, залкар жазуучунун жакындары, коңшу мамлекеттен келген сыйлуу коноктор катышты.
Гуманизмди, жогорку адептүүлүктү, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө үчүн опол тоодой эмгек кылган улуу даанышманыбыздын осуятын аткаруу- ар бир атуулдун милдети - деген мамлекет башчы, бул үчүн “Мен - кыргызстандыкмын“ деген гана күчтүү жарандык сезим жетиштүү экенин белгиледи.

Президент Айтматовдун 90 жылдыгы , дүйнөдө өзгөчө ынтызарлык менен белгиленип жатканын, бул - залкар жазуучуга, кыргыз элине болгон чоң сый урматтын күбөсү экенин билдирди.
Айтматов толеранттуулук идеяларын даңазалап, элди биригүүгө үндөгөн, улуттарды жакындаштырган инсан болгонун интеллигенция өкүлдөрү айтышат.
Анын китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, Жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен чыккан. Бир эле, “Жамийла“ повести немис тилинде 37 жолу кайра басылып чыкты.
Акын Акбар Рыскуловдун пикиринде, кыргыздын бактысына жаралган Айтматовдой инсандын жаралышы үчүн үч нерсе: тарыхый кырдаал, талант, тагдыр керек.
Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов, шеринеге колдоо көрсөткөн, уюштурган, катышкандардын баарына терең ыраазычылыгын билдирди.

Айтматовдун 90 жылдыгына карата үзгүлтүксүз иш-чараларды өткөрүп туруу максатында, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан “Айтматов жана тил” аталышындагы кароо-сынак жарыяланган. Жыйынтыгы 5-декабрда аныкталат. Ал эми, 30 миңдей студенти бар Ош Мамлекеттик Университети ноябрь айында Айтматовдун бир айлыгын өткөрөт.