Жаңылыктар
Өлкөдө имамдар үчүн атайын китептердин жыйнагы иштелип чыгууда
Дин
Өлкөдө имамдар үчүн атайын китептердин жыйнагы иштелип чыгууда

Кыргызстанда имамдар үчүн атайын китептердин жыйнагы иштелип чыгууда. Ага куран, фикх, хадистер, акейдалар, имамдардын этикасы тууралуу маалыматтар толук камтылып жаткандыгын Мусулмандар дин башкармалыгынан белгилешет. 

Өзгөчө 2018-жылга карата намаз убактыларынын бирдиктүү ыраттамасы иштелип чыгып, анын негизинде республика боюнча имамдар бир темада жума кутбаларын өткөрүү да каралган. Өлкөдө ислам багытында кенен түшүнүк берген китептер жокко эсе болгондуктан, көпчүлүк учурда чет өлкөдөн алынган китептер которулуп келген. 

Эми бул долбоор аркылуу имамдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу менен бирге алардын ишин тартипке келтирүүгө шарт түзүлө тургандыгын диний серепчилер белгилешет. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"