Эркин күрөш боюнча Ташкентте өткөн эл аралык мелдешке Кара-Суу шаарынан 8 спортчу жолдомо алып, катышып келишти. Райондук спорт комитеттен билдиришкендей, жыйынтыгында алардын ичинен төртөө алдыңкы үчилтикке кошулган.
«Ташкентте өткөн эл аралык мелдешке Кара-Суудан 8 спортчу барган эле. Алардын ичинен төртөө медаль алышты. Эки спортчу алтын медалга ээ болсо, экөө күмүш медалга татышкан», - деди райондук спорт комитеттин төрагасы Заирбек Эшмаматов.
Буга чейин кара-суулук 10 өспүрүм Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн эл аралык мелдешке катышып, бардыгы медаль алып келишкен болчу.