Жаңылыктар
Нарын шаарында милиция кызматкерлеринин арасында футбол мелдеши өттү
Спорт
Нарын шаарында милиция кызматкерлеринин арасында футбол мелдеши өттү

Нарын шаардык ички иштер бөлүмү кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 94 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш уюштурду. Бул тууралуу Нарын ШИИБдин кадрлар жана кесиптик даярдоо тобунун ага тескөөчүсү, милициянын майору Толгонай Алманбетова билдирди.

Мелдеш Нарын ШИИБдин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери арасында өттү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, акчалай сыйлыктар тапшырылып, мыкты аталган оюнчуларга сыйлыктар берилди.

Оюнга жалпы 4 команда катышты. Алар тергөө, нөөмөт, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери. Ошондой эле милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынан бир команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду тергөөчүлөр, 2-орунду нөөмөт бөлүмү жана 3-орунду кылмыш иликтөө бөлүмү жеңип алды.