Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды
Коррупция
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык транспорт каттоо жана айдоочулук курам боюнча бөлүмүнүн башчысы коррупцияга тиешеси бар деп кармалды. Мекемеде коррупциялык иштер болгонун УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аныктаган. Билдирүүгө ылайык, жетекчи материалдык кызыкчылыктардын аркасынан коррупциялык схема түзүп, жарандардын унааларын каттоо жана кайра каттоодо мыйзамсыз каражат алып жүргөн. 

Ошондой эле, айдоочулук мектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн айдоочулук күбөлүк берүү үчүн дагы пара алынып келген. Шектелүүчү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин "опузалап пара талап кылуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара берүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.