Жаңылыктар
10 жылдан бери өндүрүшү токтоп калган Айдаркен сымап комбинаты кайрадан жанданууда
Аймак
10 жылдан бери өндүрүшү токтоп калган Айдаркен сымап комбинаты кайрадан жанданууда

80 жылдык тарыхы бар Айдаркен сымап комбинаты Баткен облусундагы ири өндүрүш ишканасы. Ал 10 жылдан бери жоюлуп кетүү коркунучунда туруп, кайрадан жандана баштады. Комбинаттын көпчүлүк жумушчусу сыртка жумуш издеп чыгып кеткен болсо, комбинаттын жанданышы менен жумушчулар өз мекенине кайтып келе баштады. 

Комбинат кайрадан ишин баштап, жергиликтүүлөрдүн жумушка орношууга кызыгуусу арта баштады. Орусиядан акча табам дегендер өз жеринде эле иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралууда дешет Айдаркен шаарынын тургундары

Учурда бул өндүрүш ишканасында 300дөй жумушчу бар. Келечекте алардын санын 1000ге жеткирүүнү максат кылышат. Жарым жыл ичинде комбинат 142 млн сомдук продукция өндүрүп, Сурьма, флюорид жана сымапты Англия, Орусия, Аравияга экспорттоодо. Андан бюджетке 25 млн сом түшкөн.