Жаңылыктар
Өзбекстан кайрадан Кыргызстандан картошка сатып ала баштады
Айыл чарба
Өзбекстан кайрадан Кыргызстандан картошка сатып ала баштады

Мындай жагдай, өткөн апта соңунда эки өлкөнүн айыл чарба министрликтеринин өкүлдөрүнүн Ташкент шаарында болгон эки тараптуу жолугушуусунан кийин түзүлдү. 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда дыйканчылык кылган Ажыбек Абдраев 3-4 жылдан бери үлүш жерине картошка эгип, киреше табат. Ушул тапта жыйнаган түшүмүн Бишкеке алып келип сатыкка чыгарды. Бирок картошканын учурдагы баасы кеткен чыгымды актагыдай эмес.

“Былтыр картошканын баасы жакшы болчу. Быйыл төмөн экен, эмгегибизди актабай калат го, өкмөт тараптан жардам болсо жакшы болмок”, - дыйкан Ажыбек Абдралиев.

Базарда соода кылгандардын баамында учурда бардык аймакта картошка казылып, түшүм көп болгондуктан анын баасы арзан болуп жатат. Анткени Бишкектин базарларында Сары-Өзөн Чүйдөн сырткары Нарындын жана Көлдүн картошкалары бар.

Бул жагдайда кыргыз өкмөтү Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында 17 компанияга картошка алып кирүүгө уруксат берди. Келишим түзүлүп жаткан мезгилде Өзбекстанга кыргыз тараптан дароо 66 тонна картошка жөнөтүлдү. Ал эми жалпысынан кыргыз дыйкандары менен өзбек компанияларынын ортосунда 2 миң тонна картошка сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Мындай жагдай ата мекендик картошканын баасынын жогорулашына шарт түзөт.

Айта кетсек, быйыл Кыргызстанда картошка аянты былтыркыга караганда миң гектарга көбөйүп, натыйжада 1,5 млн тонна түшүм жыйналган. Кыргызстандын ички рыногу анын жарымын гана керектесе, калганын чет мамлекеттерге сатуу пландалууда.