Жаңылыктар
7-апрель кызыл күн катары жылнамаага киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
7-апрель кызыл күн катары жылнамаага киргизилет

7-апрель - Элдик Апрель революциясы күнү жылнаамага кызыл күн катары киргизилет. Парламент 7-апрелди дем алыш күн деп жарыялоо жөнүндө мыйзам долбоорун 3 окууда колдоду. 

Документтин демилгечилеринин бири депутат Рыскелди Момбеков 7-апрель элибиз үчүн маанилүү тарыхый күн экенин белгилеп, 2010-жылдын 6-7-апрелинде үй-бүлөлүк кландык башкарууга, коррупциялышкан Бакиевдик бийликке каршы элдик толкундоолор болгонун билдирди. 

Мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү бир добуштан колдоого алды. Депутаттардын айтымында 7-апрель күнү эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн курман болгондорго куран окутуу жана жер-жерлерде эскерүү иш чаралары өтөт.