Жаңылыктар
Бишкек: кийим сактоочу кампадан өрт чыкты
Кырсык
Бишкек: кийим сактоочу кампадан өрт чыкты

Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндөгү кездеме жана кийим сактоочу кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдирет.

Маалым болгондой, кампадагы өрт кечээ, 5-ноябрда кечки саат 21:53тө чыккан.

"Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүү бөлүмү, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, ЖКК кызматынан 2 унаа менен 5 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 унаа, Чыгыш РЭТтен 1 бригада тартылган. Өрт саат 23:29да чектөөгө алынган. Ал эми 6-ноябрда таңкы саат 5:10до өрт толугу менен өчүрүлгөн", - дейт басма сөз кызматы.