Жаңылыктар
Баткенде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жумалык жыйынтыкталды
Маданият
Баткенде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жумалык жыйынтыкталды

Баткенде “Айтматов улуттун улуу тоосу, кыргыздын өчпөс жылдызы” аталышындагы жумалыгы жыйынтыкталды. Жумалыкта залкар жазуучунун өмүр таржымалы, эмгек жолун чагылдырган фото жана китеп көргөзмөлөр өткөрүлүп, музыкалык драма театрда "Жамийла" повести сахналаштырылды. Жумалыктын алкагында кинотеатрларда жазуучунун чыгармалары акысыз коюлган. 

Ошондой эле, облустун бардык аймактарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чаралар өтүп, кароо сынактар уюштурулду. Анын жыйнытыгында, жаш актёрлордун арасынан биринчи орунду Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарындагы мектептер, экинчи орунду Кадамжай менен Баткен шаары багындырды. Ал эми маданият кызматкерлери арасында биринчиликти Баткен району, экинчини Сүлүктү шаары, үчүнчү орунду Кадамжай шаары алды. Катышуучуларга демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар ыйгарылды.

“Улуу инсан атабыздын өмүр таржымалы,эмгек жолу бизге өрнөк. Мындай иш - чаралар аркылуу келечек муундарыбыздын инсан болуп калыптанышына абдан чоң таасирин этет деп ишенебиз”,- деди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова. 

“Айматовдун 90 жылдыгынын алкагында Биздин маданият үйүндө жумалык өткөрүлдү. Мында биз да бир жума бою чоң чоң иш чараларга катышып, келген конкурсанттарга калыс болуп, ушундай маанайда өткөрүп алдык”,- деп билдирди маданият кызматкери Мамажан Козубаев.