Жаңылыктар
Кыргызстанга 12 миллиард сомго дары алынып келинди
Ден соолук
Кыргызстанга 12 миллиард сомго дары алынып келинди

Кыргызстанда дары-дармектерди импорттоо өсүп жатканын Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2010-жылы өлкөгө 5 миллиард сомго дары алынып келинген. Ал эми 2011-жылы 7 миллиард сомго алынса, былтыр 17 миллиард сомго дары-дармектер импорттолгон. Билдирүүгө караганда, быйыл алынып келе турган дарылар былтыркыга салыштырмалуу көп болот. 

Акыркы 9 ай аралыгында өлкө аймагына 12 миллиард сомго дары алынып келинген. Мындай көрүнүштү серепчилер Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жана эрежелерге жооп бере турган күнүмдүк мыйзамдар кабыл алынганы менен түшүндүрүүдө.