Жаңылыктар
УКМК: мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирүүлөр аныкталды
Коррупция
УКМК: мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирүүлөр аныкталды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) ири өлчөмдөгү каржылык зыян аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 6-ноябрда тараткан кабарга ылайык, баштапкы эсепте мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян болгону такталды.

Аталган мекеменин кызматкерлерине карата мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында ЖАМКнын көчмө механизациялашкан колоннасында жана САСЕМ акционердик коомунда жүргөн оңдоп-түзөө иштерине аудит жүргүзүлдү.

Териштирүү иштери уланууда.