Жаңылыктар
Имамдардын билимин жогорулатуу үчүн китептер иштелип чыгат
Дин
Имамдардын билимин жогорулатуу үчүн китептер иштелип чыгат

Кыргызстандагы имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Муфтияттан билдиришкендей, ага Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары жөнүндө маалыматтар камтылган. 

Иштелип чыгуучу колдонмо китептер жеңилдетилип жазылып, аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталат.