Жаңылыктар
Индонезиядагы учактын кырсыкка кабылуу себептери аныкталууда
Кырсык
Индонезиядагы учактын кырсыкка кабылуу себептери аныкталууда

Индонезияда жүргүнчү ташыган Боинг-737 учагынын кырсыкка учурашына аба ылдамдыгын көрсөтүп туруучу атайын аппараттын иштебей калгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. "Кара кутуга" жазылган маалыматтарга ылайык, учкучтар ылдамдык менен бийиктик тууралуу туура эмес маалыматка ээ болуп турушкан. 

Ошондой эле, ага жазылып калган маалыматтар толук изилденип бүтө элек. Эске салсак, "Lion Air" авиакомпаниясына таандык Boeing -737 учагы 29-октябрда Жакартадан учуп чыккандан кийин 13 мүнөттөн соң Ява аралына кулаганы кабарланган. Учакта 182 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү болгону жана алардын арасынан аман калгандар жок экени маалымдалган.