Жаңылыктар
Өкмөттүн бир жылдык иши парламентке жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттүн бир жылдык иши парламентке жөнөтүлдү

2015-жылы Кыргызстандын экономиканын өсүү деңгээли ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп 3,5%, ал эми инфляциянын деңгээли эң төмөнкү 3,4% түздү.

Бул тууралуу өкмөттүн бир жылдык иши боюнча парламентке жөнөтүлгөн долбоордо камтылган. Темир Сариев билдиргендей, капиталдык салымдар боюнча 98 социалдык обьекттин курулушу бүткөрүлгөн жана көп жылдардан бери алгачкы жолу өлкө аймактарындагы ички жолдорду оңдоого миллиард сом каралган.

Темир Сариев ошондой эле 2015-жылы өкмөтү туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында каралган негизги тапшырмалар жана багыттардын алкагында экономикалык потенциалды чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча активдүү саясат жүргүзгөнүн маалымдады. Парламентте өкмөттүн отчету май айынын башында каралары күтүлүүдө.