Жаңылыктар
Баткен облусунда "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" белгиленди
Маданият
Баткен облусунда "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" белгиленди

Ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолуна тарыхый баа берүү, алардын элесине таазим этүү максатында жыл сайын 7-8-ноябрда белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн" урматына Баткен облусунда эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Анын жүрүшүндө облус, район жана шаар жетекчилери Кыргыз мамлекетинин түптөлөшүнө өмүрүн арнаган, Улуу инсандар Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиевдердин эстелигине гүл чамбарларды коюшту. 

Эскерүү иш-чарасында кыргыз элинин басып өткөн жолуна, тарыхтагы урунттуу окуяларга баа берилди. Соңунда Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн күрөшкөн ата-бабаларыбыздын элесине жана тарыхый окуялардын курмандыктарына арналып, куран окулуп бата кылынды.

“Кийинки муундарды патриоттуулукка, адептүүлүккө, ишмерликке ушулар менен тарбиялашыбыз керек. Биздин ата-бабалар ушундай кызматтарды кылып өткөн. Согушка барган. Алдардын женишинин негизинде ушул заманда жашап жатабыз”