Жаңылыктар
Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүүгө арналган конференция өттү
Билим
Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүүгө арналган конференция өттү

Кыргызстанда өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүүгө арналган эл аралык конференция өттү. Иш-чара “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепеттери” деп аталып, ага борбор калаадагы бир катар жогорку окуу жайлардан окумуштуулары, тарыхчылар, илимпоздор жана коомдук ишмерлер катышты. 

Ошондой эле, эл аралык конференцияга Польшанын Лодзин университетинин окутуучулары келишкен. Иш-чарада саясий репрессиялардын тарыхы, анын кесепеттери жана сабактары жөнүндө окумуштуулардын билдирүүлөрү, баяндамалары талкууланып, келечекте бул окуялардын үстүнөн изилдөөлөрдү дагы да тереңдетүү, курман болгондор жөнүндө монографиялар жазылып, көркөм, даректүү тасмаларды тартып, чыгармаларды сахналаштыруу идеясы айтылды.