Жаңылыктар
Этнография көйгөйлөрү талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
Этнография көйгөйлөрү талкууда

Кыргыз этнографиясы унутта калбашы керек. Мындай пикир бүгүн алгачкы этнограф айым Какен Мамбеталиеванын 80 жылдыгына карата өткөн иш чарада айтылды.

Тарых жана маданият жылына карата өтүп жаткан илимий-тажрыйбалык жыйында, чыгаан тарыхчы жана педагог окумуштуулардын бири, тарых илимдеринин кандидаты Какен Мамбеталиеванын өмүр жолу, заманбап кыргыз этнографиясын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана этнография көйгөйлөрү тууралуу сөз болду.

Тунгуч этнограф айым, бул тармактын бир нече түргө бөлүнөөрүн, башка да илимий тармактарды айкалыштырып үйрөнүү аркылуу гана, туура илимий жыйынтык чыгарууга болоорун белгилеп кеткен. Какен Мамбеталиева жаңы багытта тайманбай иштеп, кыргыз тарых илиминин жаңы тармагын түптөөгө салым кошкон.