Жыл башынан бери 11 миңден ашык дыйкан, фермерлер талаачылык, мал чарбасы жана кайра иштетүүгө жалпы 5 миллиард 400 миллион сом жеңилдетилген насыя алышты. Адистер белгилегендей, жыл өткөн сайын долбоорго катышкан дыйкандар каражатын максаттуу пайдаланып, ар бир багыттын өнүгүүсүнө салым кошууда.