Жаңылыктар
Ноокаттын борборунда Ч.Айтматовдун каармандарынын эстеликтери пайда болот
Маданият
Ноокаттын борборунда Ч.Айтматовдун каармандарынын эстеликтери пайда болот

Ноокат шаарынын борборунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын эстеликтери орнотулуп жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, мындай демилге залкар жазуучунун 90 жылдыгынын урматына карата жасалууда. 

Бул демилгени шаар мэри Жоомарт Нурдинов сунуштап, учурда акыркы жумуштар аткарылып жатат. Ал эми эстеликтерди орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 миң сомдон ашуун каражат каралган.

Андан сырткары шаардын так ортосуна 30 м бийиктиктеги желек орнотулууда. Ага 500 миң сом акча каражат жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Желек орнотулган аймакка брусчатка төшөлүп, айланасы тосулат. Эстеликтерди жана желекти орнотуунун башкы максаты — шаардын көрүнүшүнө көрк кошуу.