Жаңылыктар
ЖК депутаттары Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган салтанатка катышты
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК депутаттары Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган салтанатка катышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Төрага 2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салып, андыктан алыскы айылдардын өнүгүшүнө өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын белгиледи. 

Майрамдык иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө театралдык программа тартууланып, айрым жергиликтүү тургундарга ардак грамоталар жана энчилүү сааттар ыйгарылды. Ошондой эле, Дастанбек Жумабеков парламент төрагасынын жеке фондунан райондогу мектептерге керектүү жабдууларды алуу үчүн 200 миӊ сом берди. Мындан сырткары, парламенттик делегация 90 жылдыктын алкагында Баетов айылынын борборунда курулган сейил бактын ачылышына катышты.