Жаңылыктар
Жергиликтүү пахта буласы европа өлкөлөрүнө сатыла баштады
Айыл чарба
Жергиликтүү пахта буласы европа өлкөлөрүнө сатыла баштады

Базар-Коргондук ишкер Майрамбек Турдуев кайра иштетип даярдаган пахта буласын эми европа өлкөлөрүнө сата баштады. Ишкер быйыл 80 тонна таңгакталган пахтасын Швейцария өлкөсүнө жиберген. Быйыл эми дагы башка өлкөлөргө сатууну көздөп турат. Ишкер жылына дыйкандардан алган 2 миң тонна пахтаны кайра иштетип сатат. Быйыл Жалал-Абад облусу боюнча 12 миң 500 гектар аянтка пахта эгилип, андан 44 миң тоннадан ашык түшүм өндүрүлгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу пахта аянты 1 миң гектарга көп эгилген.

“Буга чейин Түркия менен Россияга сатып келгенбиз. Быйыл эми европага жол ачтык. Келечекте биздин пахта европа мамлекеттерине сатыла баштай деп турабыз. Буга чейин Швейцария өлкөсүнө 80 тонна саттык”,- деди Базар-Коргон районунун тургуну Майрамбек Турдуев.