Жаңылыктар
Бишкекте “күз-кыш 2018” аталган көргөзмө - жарманкеси ачылды
Экономика
Бишкекте “күз-кыш 2018” аталган көргөзмө - жарманкеси ачылды

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ата мекендик тигүү ишканалары чыгарган продукциялардын “күз-кыш 2018” деп аталган көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул салтанатка Жеңил өнөр жай ассоциациясынын, Экономика министрлигинин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Экспортко багытталган кырктан ашык ата мекендик ишкана катышып жаткан тигүү жумалыгы 11-ноябрга чейин уланат.

Бул ишкана айымдарга ылайыктуу тышкы кийимдерди көргөзмөгө алып чыкты. Модалуу саркеч пальтолордун ар кандай түрлөрүн, кемсел көйнөктөрдү тиккен ишкана өндүргөн продукциясынын 90 пайызын Орусияга экспорттойт. Жакындан бери коңшу Өзбекстандан буйрутма болду. 100 кишидей иштеген чакан ишкана ички рыноктун суроо-талабын аткарууга да жетишет. Кездемелерди болсо сырттан буйрутма менен алышат.
Көргөзмөгө кырктан ашык экспортко багытталган ата мекендик ишкана катышып жатат. Бир дагы сырттан келген продукция жок жалаң Кыргызстанда өндүрүлгөн кийим кече, бут кийим, кездеменин ар кандай түрү чыгарылган. Арасында Америкага чейин жүндү экспорттогон ишканалар дагы бар. Мындай өңүттөгү көргөзмөлөр тигүү тармагына дем берет жана алар өндүргөн ата мекендик продукцияларды экспортко чыгарууга өбөлгө түзөт.
Көргөзмө жарманке 11-ноябрга чейин уланат.