Жаңылыктар
Өкмөт башчы кен иштетүү боюнча кытайлык компания өкүлдөрү менен жолугушту
Экономика
Өкмөт башчы кен иштетүү боюнча кытайлык компания өкүлдөрү менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кытай Алтыны» деп аталган Кытайдын Улуттук алтын кен иштеткен корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту. Анда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасынын 2018-жылдын декабрь айында ишке киргизүүгө байланыштуу маселелер талкууланды. Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт инвестицияларды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстанда мыйзамга ылайык жана бардык экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдойт.

«Кытай Эл Республикасы - биздин стратегиялык өнөктөш, жакын коңшу жана досубуз. Кыргыз-кытай кызматташтыгы өтө жогорку деңгээлде турат,» – деп белгиледи Премьер-министр. Өз кезегинде, Цзян Лянь-Ю «Кичи-Чаарат» ЖАК байытуучу фабрикасын ийгиликтүү ишке киргизүүгө даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганын маалымдап, компаниянын экономиканын башка секторлоруна инвестиция салуу боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Айта кетсек, Куру-Тегерек кенин иштетүүгө 10,5 млрд сом инвестицияланган, 500гө жакын жумуш орду түзүлгөн. Байытуучу фабриканы ишке киргизген соң, компания инвестицияларды жана жумуш орундарынын көлөмүн көбөйтүүнү мындан ары да улантууга ниеттенүүдө.