Жаңылыктар
Москвада Чыңгыз Айтматовго арналган эскерүү кечеси өтөт
Билим
Москвада Чыңгыз Айтматовго арналган эскерүү кечеси өтөт

Москвада 9-ноябрда Чыңгыз Айтматовго арналган эскерүү кечеси өтөт. Программага ылайык, театр жана кино актёрлору адабий үзүндүлөрдөн окуп, музыкалык номерлер коюлат. 

Ошондой эле, 2009-жылы Айтматовдун 80 жылдыгына карата тартылган "Жер шаарынын жараны" даректүү тасмасы көрсөтүлөт. Мындан сырткары Россиянын борбор калаасында "Кыргызфильмдин" сейрек тасмаларын көрсөтүү өнөктүгү уланып жатат. 4-ноябрда башталган саамалык 14-ноябрга чейин созулат. 

Бардык каалоочулар санариптик аналогу жок тасмаларды «Звезда», «Факел» жана «Юность» кинотеатрларында көрө алышат.