Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүү жылында Ак-Талаа районунда аткарылган иштер
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарды өнүктүрүү жылында Ак-Талаа районунда аткарылган иштер

Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы үч кабаттуу эски имарат, мындан ары мектеп катары пайдаланылсын деген максатта мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Совет доорунда курулган имарат андан кийинки менчиктештирүү доорунда жеке менчикке берилип кеткен. Имаратка ээлик кылып келген Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев эми аны кайрадан мамлекеттин карамагына өткөрүүнү чечкен. Мамлекетке биротоло кайтарылган имарат келечекте мектеп катары ачылып, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.

"Биз ушундай жерди жана улуу тарыхты калтырганы үчүн бабаларыбызга ыраазычылык билдиришибиз керек. Жети ай мурун мен силердин айылда иш сапар менен болуп, аймакка тиешелүү бардык маселелер боюнча кеӊири баарлашканбыз. Ошол жолугушууда мен силердин депутатыңар болууга даяр экенимди жана көйгөйлөрүӊөрдү чечүүгө көмөктөшөрүмдү убада кылгам",- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков.

“Албетте бул кабар бизди кубандырды. Эми мурдагы мектепти бала-бакчага берип, анын ордун ФАПка берип жылыштырабыз. Аймактарды өнүктүрүү жылында жакшы жышаан болду”,- дейт Баетов айыл аймагынын башчысы Талантбек Турузбеков.