Жаңылыктар
Жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
Чек ара
Жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргызстандан Сох анклавы аркылуу Өзбекстанга жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. 

Билдирмеге караганда 1959-жылы туулган жаран “Чечме-автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунан жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган. Текшерүүдөн кийин тийиштүү материалдар толтурулуп, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.