Кыргызстанда жемкорлукка каршы окуучулар арасында мыкты сүрөт жана кыска видео тартуу боюнча сынак жарыяланды. Жаштар арасында өлкөдө паракорчулукка жол бербөө боюнча коомдук пикирди калыптандыруу максатын көздөгөн сынак 9-декабрь - БУУнун Жемкорлукка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналып уюштурулууда.
«Жемкорлук балдардын көзү менен» деген сүрөт сынакка 1-8-класста окугандар катыша алат. Сүрөттөр мектептерде топтолуп, андаң соң Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлөт. Ошондой эле 9-10-класстын окуучулары менен студенттер «Жемкорлукту токтот!» деген темадагы видео роликтер сынагына катыша алышат.